Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Баткендик кызматкерлер Таласта


ТАЛАС. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Бүткүл дүйнө боюнча балдарга кам көрүү" деп аталган долбоорго Талас облусу 2003-жылы тартылып, ошондон бери бир топ тажрыйба топтолду. Баткен облусунун өкүлдөрү бир жума бою жакыр жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын аныктоо, аларды өз ара жардамдашуу топторуна баш коштуруп, кредит менен иштөөнү үйрөтүү, социалдык кызматкерлердин жардамга муктаж үйлөр менен иштөөсүн уюштуруу маселелери боюнча тажрыйба үйрөнүшөт. Бул долбоордун талаптары боюнча Таласта сыноодо деген 12 айыл өкмөтүндө эң начар делген 126 үй-бүлөгө бирден соц.кызматкер бекитилген. Көп балалуу үй-бүлөлөр арасында тийиштүү окутуулар жүргөн соң 22 топ түзүлүп, алардын ар бирине жылдык үстөгү 8 пайыздан жогору болбогон 10 миң сомго чейинки кредит берүү жакшы натыйжаларды берүүдө.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Аманбек Дилденбай жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG