Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

ӨНӨР ЖАЙЫНЫН ӨНӨРҮ КАНЧА?


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы абал жана аны жакшыртуунун жолдорун талкуулаган "тегерек үстөл" жыйыны өтөт.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт аппаратынын, экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин өкүлдөрү, өлкөдөгү ири ишканалардын жетекчилери, айрым эл аралык каржы уюмдардын Бишкектеги кеңселеринин кызматкерлери катышмакчы. Жыйында өнөр жай тармагындагы азыркы абал жана тармакты өнүктүрүүнүн жолдору талкууланат.

Буга чейин маалымдалып келгендей, статистикалык маалыматтар боюнча, ошондой эле Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү банкынын иликтөөлөрүнө ылайык, соңку эки жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгө баштады. Бирок көз карандысыз эксперттер менен экономисттердин пикиринде, тескерисинче, акыркы жылдарда өнөр жай секторунда жылыштар болгон жок жана Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде өнөр жай тармагы боюнча артта калган республикалардын катарына кирет. 2004-жылдын бюджетинде да өңөр жай тармагына каражат аз каралган.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, көп жылдар бою өнөр жай тармагында иштеп келген Орозбек Дүйшеевдин пикиринде тармактагы абалды жакшыртуу үчүн эң ириде коррупцияга бөгөт койуп, чет элдик инвестицияларды туура пайдалануу керек:

- Өнөр жай тармагы өнүкмөйүнчө жалпысынан өлкөнүн экономикасы өнүкпөйт. Экономикалык өнүгүүнүн эң башкы көрсөткүчү - өнөр жай болуп эсептелет. Азыр Кыргызстандын өнөр жай тармагы начар абалда. Ал эми статистикалык көрсөткүчтөр бурмаланып көрсөтүлүүдө. Эми бул тармакты өнүктүрүү үчүн биринчиден, коррупцияны жойуу керек. Чет өлкөлөрдөн алынган инвестициялар экономиканы, өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө эмес, башка жактарга кетип жатпайбы. Бюджеттен да тармакка аз акча, болгону 70 млн. гана сом бөлүндү.

Айрым адистердин пикиринде, Кыргызстанда өнөр жай тармагын өнүктүш үчүн өлкөдөгү ресурстар менен иштеген жаңы ишканаларды куруп гана чектелбей, акыркы жылдарда токтоп калган ишканаларды кайрадан ишке киргизүү керек.

XS
SM
MD
LG