Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстандык дагы эки балбан Афинага жолдомо утуп алышты


БИШКЕК. Ташкенде өткөн грек-рим күрөшү боюнча Афина олимпиадасына талапкерлерди тандаган мелдештен кыргызстандык эки балбан жеңиш менен кайтышты. Ошентип алар Афина олимпиадасына жолдомо утуп алышты. Өткөн жылкы Азия чемпионатынын коло байге ээси, жаштар арасында дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Канат Бегалиев 66 кг. салмакта күч сынашып, коло байге үчүн таймашта Европа чемпиону, грузиялык аттаандашын жеңип, Афина олимпиадасына катышуу укугуна ээ болду. Ал эми мурдагы жылы Пусанда өткөн ХIV Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Дүйшөмбүдөгү 5-Борбор Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов 74 кг. салмактагы таймашууларда дээрлик бардык аттаандаштарын утуп, күмүш медаль тагынды. Сидней олимпиадасында чемпион болгон польшалык аттандашын уткан Данияр Афина олимпиадасына катышууга жолдомо алды. Ошентип, кыргызстандык балбандардын ичинен грек-рим күрөшү боюнча Афина олимпиадалык оюндарына беш жигит катышмакчы.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG