Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Аксы окуясынын эки жылдыгы белгиленет


БИШКЕК. Аксы окуясынын эки жылдыгына байланыштуу 17-мартта Бишкекте, Аксы районунда жана Нарын, Ысыккөл облустарында аза күтүү эскерүү митингдери өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, 17-мартта Аксы районунда өткөрүлө турган митингге саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өлкөнүн бардык дубандарынан чакырылган өкүлдөрү жана саясатчылар катышаары болжолдонууда. Ал эми Бишкектеги эскерүү митингиси 17-мартта Максим Горькийдин эстелигинин жанында өткөрүлөт. 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунда милиция кызматкерлеринин аткан огунан беш адам каза болгон. Ал эми оппозиция өкүлдөрүнүн эсеби боюнча алардын саны алты.

XS
SM
MD
LG