Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

АСКАР АКАЕВДИН ПОЛЬШАГА САПАРЫ БАШТАЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Бул күндөрү Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган делегациянын Польшага болгон ырасмий сапары уланууда. Польша менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын февраль айында түзүлгөн. Бул жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган. 1993-жылы июлда Варшавада эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан аймактар аралык кызматташтык, маданий жана илимий тармактардагы кызматташтык жөнүндөгү дагы бир макулдашууга кол коюлган.

1998-жылдан тарта Кыргызстан менен Польшанын ортосунда туризм тармагында кызматташтык жолго коюлган. Ушул эле жылы эки өлкөнүн ортосунда кош салыкты жойуу жана капиталга болгон салык менен кирешелерге карата салык төлөмдөрдөн баш тартууларды алдын алуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган. Бул жылы Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү декларация да кабыл алынган.

1998-жылдын ноябрь айында президент Аскар Акаев биринчи ирет Польшага сапар менен барган.

2002-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Польшанын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөн. Ушул жылдын октябрь айында Польшанын президенти Александр Квасьневский алгачкы ирет иш сапары менен Кыргызстанда болгон. Бул сапар учурунда Кыргызстан менен Польшанын ортосунда бир катар документтерге кол коюлган. Алардын ичинде эл аралык унаа жүк ташуу жөнүндө жана эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлган.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинен алынган маалымат боюнча соңку жылдарда Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык өнүгүүдө. Маселен, өткөн жылы Кыргызстандын Польша менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 6 млн. 300 миң АКШ долларын түзүп, 2002-жылга караганда 50 пайызга жогорулаган. Польшага Кыргызстандан негизинен кездеме, ферменттер, клей экспорттолот. Ал эми Польшадан Кыргызстанга кант, кагаз, каучук, пластмасса, мунайзаттары, эмерек жана башка товарлар келет.

Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы артыкчылык берилген тармактарга суу-энергетика, жеңил өнөр жай, түстүү металл, тоо кен өнөр жайы, тамак аш, туризм тармактары кирет.

Белгилүү болгондой Польша социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө бай тажрыйба топтогон өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Кыргызстандагы айрым аналитиктердин пикиринде келечекте Польша Кыргызстандын Борбордук Европадагы негизги өнөктөш өклкөрүнүн бири болушу ыктымал. Польшанын ишкерлер чөйрөсү Кыргызстандык ишкерлерди Европа Биримдигинин интеграциялаган базарына алып чыгууга көмөктөшүшү да мүмкүн деген пикирлер да бар. Ал эми ушул жылдын май айынан тарта Польшанын Европа Биримдигине мүчөлүккө кабыл алынышы күтүлүүдө.

Андыктан Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы мамилелер жаңы талаптар боюнча башкача айтканда, Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы макулдашуулардын алкагында жүргүзүлөт. Мисалы, Европа Биримдигине мүчөлүккө кабыл алынышы күтүлгөн өлкөлөргө карата уюмдун шарттарына ылайык айрым макулдашуулар күчүн жоготууда. Алсак, 1992-жылы Кыргызстан менен Польшанын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык кызматташтык жөнүндөгү макулдашуу учурда күчүн жоготкон.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, мындан ары да эки өлкөнүн ортосунда айрым макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу министрликтин батыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын адиси Бахтияр Абдиев мындай маалымдады:

- Уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын башка түрлөрүнө каршы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору даярдалууда.

Ал эми 15-мартта президент Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясынын Польшадагы ырасмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Алардын ичинде 2004-2006-жылдардагы эки өлкөнүн ортосунда маданият, билим жана илим тармактарындагы кызматташтык боюнча аткаруу программасына, эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкка ниеттенүү протоколуна, Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын жана Польшанын инфраструктура министрлигинин ортосундагы макулдашууга, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-польша комиссиясынын отурумунун жыйынтыктары боюнча протоколго кол коюлат.

XS
SM
MD
LG