Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Бүгүн Парижде Жак Ширак менен Герхард Шрөдөр жолугушту


Француз президенти менен немец канцлери бейырасмий маанайда терроризм проблемасы жана Евроконституциянын айрым маселелери боюнча пикир алышты. Француз президенти терроризмге каршы күрөштө күч-аракеттерди күчөтүүгө чакырды. Биргелешкен пресс-конференция учурунда Жак Ширак Франция террорчулардын бутасына алына электигин белгилеп, бирок бардык демократиялык өлкөлөр сыяктуу эле террордук кыянатчылыкка кабылбай тургандыгына кепилдик жок экенин да моюнга алды. Канцлер Шрөдөр да ушундай көз карашын билдирди. Эки лидер ошондой эле Евроконституциянын долбоору быйыл жыл этегинде биротоло жактырыла тургандыгына ишеним билдиришти.

XS
SM
MD
LG