Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

АКШ Иранды сынга алды


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрелинин айтымында, испекторлордун баруусун ушул айдын соңуна калтыруу жөнүндөгү чечим Тегеран МАГАТЭ уюму анын өзөктүк жайларын испекциялоосуна тоскоолдук кылыш үчүн артка созуп жатканын көргөзүүдө. Ал эми Ирандын өзөктүк маселелерди тейлеген өкүлү Хассан Роухани эгер Кошмо Штаттар кандайдыр бир далили болсо МАГАТЭ уюмуна бериши керектигин билдирди:

- Эгер Кошмо Штаттар бизди бир нерселерди бекитип жатат деп ырасташса МАГАТЭ уюму келип текшериш үчүн ал кайсыл жер экенин айтышы керек.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик өткөн ишемби күнкү резолюциясында Иранды өзөктүк программасы боюнча маалыматтарды толук бербегени үчүн сынга алган эле. Буга жооп кылып Иран испекцияны убактысынча токтоткон. Эми МАГАТЭнин инспекторлору Тегеранга 27-мартта кайтып бараары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG