Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Косоволук сербдер менен албандардын чатагында 22 кишинин каны төгүлдү


НАТО башындагы тынчтык күчтөрү жана Улуттар уюмунун полициясы Косоводогу этникалык калабаны басуу үчүн чөлкөмгө кошумча күчтөрдү тартууда.
Жергиликтүү албандар менен сербдер арасында шаршемби күнү башталган чатактан, Улуттар уюмунун полициясынын маалымдашынча, бери дегенде 22 киши өлдү. 500гө жакын киши, алардын арасында жергиликтүү полициянын 20дан ашык кызматкери жана Улуттар уюмуна караштуу полициянын 40 мүчөсү жарадар болду.
Там-жайлары жана башка мүлкү албандар тарабынан өрттөлгөн сербдерди НАТОнун аскерлери коопсуз жайга көчүрүп чыкты.
Сербия өкмөтүнөн косоволук серберди коргоого алууну талап кылган демонстарция кечээ шамда Белградда өттү.
Ушул эле күнү Белграддагы 17 кылымда куралган эски мечитке жана Ниц шаардык мечитине өрт коюлду.
Жаңжал Косовска Митровица шаарында сербдер кууган үч албан бала дарыяга чөгүп өлүптүр деген каңшаардан улам башталган.

Улуттар Уюмунун полициясы бүгүн сууга чөгүп өлгөн эки баланын жасаты табылганын билдирди.
Косовонун жетекчилиги, Улуттар уюму, НАТО жана АКШ тараптарды сабырдуулукка чакырды.

XS
SM
MD
LG