Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

В.Путин Косоводогу кандуу калабаны улутту кыруу катары баалады


МОСКВА. Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин Косоводо жакында болгон кандуу окуяны айыптап, ага өз баасын берди:

- Бул – Батыштагы биздин кесиптештердин аныктоосунда да улутту кыруу деп бааланды. Ага жараша татыктуу жооп кайтаруу керек. Бул жерде - сербдерди коргоо максатында…

Анын айтымында, Орусия Косоводогу окуяларга кайдыгер карап туралбайт. В.Путиндин ою боюнча НАТОнун күчтөрү сербдерге каршы зомбулукту токтотуу үчүн чечкиндүү жана майнаптуу аракеттерди көрүүгө тийиш. Орус мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин катчысына жана Тышкы иштер министрине Косоводогу окуяларга карата Орусиянын так көз карашын иштеп чыгууну тапшырды. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу тез арада серб качкындарына жардам көрсөтүүнүн жолдорун иштеп чыкмак болду.
Косовонун өзүнө болсо бүгүн Германиянын аскерлери НАТОнун он сегиз миң аскерине кошумча күч катары жардамга барышты.

XS
SM
MD
LG