Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

«Рентонгрупптун» аманатчылары президентке арыз кат жолдошту


БИШКЕК. Акчасын «Рентонгрупп» компаниясына алдатып жиберген атуулдардын көйгөйүн иликтөөчү өкмөттүк комиссияны мындан ары социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр Уларбек Матеев жетектейт. Үч айдын ичинде ушуну менен комиссия төрагасы үчүнчү жолу алмашты. Алданган атуулдар мындай алмаштыруулар комиссиянын ишинен майнап чыгарбайт деп, президент Аскар Акаевге арыз кат жолдошту. Анда компанияга берген акчасынын кайтарылышына көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Мындай маалымат бүгүн алданган атуулдардын төрайымы Татьяна Дагазиевадан алынды. Анын маалыматына караганда, алар «Рентонгрупп» компаниясынын башка колдорго мыйзамсыз өтүп кеткен мүлкүн кайтарып алып, аны алдангандарга берүүсүн сунуштап жатышат. Ал эми компания элден алдап кеткен акчанын жалпы суммасы 200 миллион сомдон ашык.

XS
SM
MD
LG