Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:48

Ирактагы согуштун башталганына бир жыл


БИШКЕК. АКШнын жетегиндеги аскер күчтөрү Иракта Саддам Хусейндин режимин кулатуу үчүн жасаган куралдуу кол салуусунан Ирак элине тынчтык алып келген жок. Согуштун кесепетинен бейкүнөө адамдардын каны төгүлдү. Кошмо штаттардын курамындагы аскер күчтөрүнүн жүздөгөн жоокерлери окко учту. Террорчулукту жок кылуу максатында жасаган аракеттен, тескерисинче, эл аралык террор күчөдү. Мындан бир жыл мурда АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кырдаалды сүйлөшүү жолу менен тынч жөнгө салуу чечимимине көнбөстөн, күч колдонгондугу азыркы АКШ бийлигинин кечирилгис күнөөсү. Мындай пикирлерди бүгүн Ирак согушунун бир жылдыгына карата Кыргызстандагы айрым саясатчылар, депутаттар, дин башкармалыгынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн сурамжылаганыбызда билдиришти. Иракта согуш өткөн жылы 20-мартта, Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 8де башталган. Эксперттердин билдиргенине караганда, бир жыл аралыгында Ирактын 12 миңден 16 миңге чейинки атуулу жана аскери курман болгон. Ал эми коалиция күчтөрү 665 жоокерин жоготкон.

XS
SM
MD
LG