Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

ОРУСИЯНЫН САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУНУ КАРАЙ АДЫМ ТАШТАШТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Ишембиде Маскөөдө 66 саясий партиянын, коомдук кыймылдардын өкүлдөрү катышкан Орусиянын патриоттор конгресси өттү. Алар өлкөдө коммунисттер башкарган элдик блоктун таламдарына каршы турган солчулдардын жаңы блогун түзүүгө киришкенин жарыялады. КПРФ лидери Зюганов муну солчулдадын арасын бөлүп-жаруу үчүн жасалып аткан дагы бир аракет деп баалады.

Өлкөдө парламенттик, андан соң президенттик шайлоо өткөндөн кийин саясий партиялардын арасы сууп, кээсинин жаңылануусу, кээсинин түбү менен жоголуу жараяны башталды. Маскөөдө 20-мартта конгрессин өткөргөн орусиялык патриоттор жыйыны мына ушундай көрүнүштүн бир мисалы. Аны Мамдуманын депутаты, элдик патриоттук кошуундун аткаруу комитетинин төрагасы, коммунист Геннадий Семигин демилге көтөрүп уюштурган. Компартия жетекчиси Геннадий Зюганов ага каршы сын айткан. Ошол себептен Зюганов жана аны колдогондор когресстин ишине катышкан жок.

Жыйында Семигин Зюгановдун дарегине катуу жооп айтты.

- Геннадий Андреевич көп учурда калпты каратып туруп айтат. Калп айтканын өзү да билет. Биздин аракет КПРФны жаңылоого, ошону менен бирге Орусиянын элдик-патриоттук кошуунун өнүктүрүүгө багытталат.

Конгресстин ишине 15 партиядан жана 60тай коомдук уюмдардан өкүлдөр катышты. Маселен, көпчүлүккө таанылып калган саясий төбөлдөр - «Кайра жаралуу» партиясынын лидери Геннадий Селезнев, «Элдик партия» төрагасы - Геннадий Райков, «Эмгек партиясынын» төрагасы – Олег Шейнин жана башкалардан тартып, чуулгандуу «Эмгекчил Орусия» жетекчиси Виктор Анпиловго дейре келишти. Компартия президиуму конгресске катышууга тыюу салган токтом кабыл алганына карабай, КПРФ БК катчысы Потапов да жыйынга катышты.

Анализчилердин оюнча, бул аракет бир эле коммунисттер партиясынын жетекчилигин жаңылоого карата жасалып аткан аракет эмес, бул - солчулдардын күчүн Кремлге чукул кишилер менен алмаштыруудан улам болуп атат. Шайлоонун акыркы күнү Кремлдик саясатчы Глеб Павловский:

- Путиндин атаандаштары чогулуп, 25 пайыз добушту тартып кетишти. Мунун өзү Орусияда жаатташуу кыйла күч экенинен кабар берет. Эми ага жаңы жакшы лидерлер керек. Биз жаңы жаатташтын жаралышына күбөдөр болдук, - деген болуучу.

Президент Путин да шайлоо алдында мындай деп айткан:

- Биз көп партиялуу системаны бекемдейбиз. Биз атуулдук коомду бышыктайбыз.

Зюганов болсо ар кайсы кыймылдар менен партиялардын сунушунан улам элдик блогун кеңейткени жатканын жакында жар салды:

- Кызык сунуштар түшө баштады. Биздин партия, ошондой эле агроөнөр-жай курамы менен бирдикте (элдик блокту – ММ) кеңейтүүгө канчалаган күчтөр аралашып, аны өнүктүрүүгө ынтызар болушканын билдирип атышат.

Арадан 5 күн өтпөй Семигин өлкөнүн солчулдар патриотторун чогултту. Жыйын үстүндө ал:

- Үстүбүздөгү жылы Орусияда солчул патриоттор күчүнүн шайлоого бирге баруучу блокту түзөбүз, - деп жар салды.

Анализчилер мындай көрүнүштү июнь айында өткөнү жаткан КПРФ курултайында Зюганов баш болгон солчулдардын жетекчилиги башка лидерлер менен алмаша турганынын жышаанасы деп жорушууда.

Дагы бир партия - Оңчул күчтөр кошууну партиясынын жетекчилиги сай-сайлап таркап кеткени 19-мартта ал уюмдун чогулушунда байкалды. Борис Немцов, Анатолий Чубайс, Ирина Хакамада, Тимур Гайдар жана башка лидерлер ар кандай шылтоо менен бул чогулушка катышкан эмес. Олтурум акырында партиянын саясий бюросу «Оңчул күчтөр кошуунунун» аткаруу деректири кылып Олег Пермяковду дайындаган. Бул туурасында «Вести» агенттиги кабардады. Сырттан көз салуучулардын баамында, Пермяков - утурумдук адам. Президенттик орунду талашып атып Ирина Хакамада: «Эркин Орусия» партиясын түзүүгө киришемин» деген. Ошондуктан жакында бул партиянын түгөйү пайда болушу да ажеп эмес дешет жергиликтүү серепчилер.

XS
SM
MD
LG