Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Нооруз Жалалабадда да белгиленди


ЖАЛАЛАБАД. Кадыр түн облустук Барпы Кыргыз театрынын маңдайында өттү. Аянтка областтагы мекеме ишканалар боз үйлөрүн тигишип, улуттук тамак-аш, кийим-кече, кол өнөрчүлүк, соода сатык, сүрөт буюмдарынын көргөзмөсүн ачышты. Сүмөлөк кайнатуу үчүн жагылган оттун айланасында топтолгондор өлкөбүздүн жакырчылыктан арылып, тынч жана бакубат өнүгүүсүн каалаган аруу тилектерин айтышты. Ыр-күүлөрдү мыкты аткарган атуулдарга Жалалабад шаар акимиятынын баалуу белектери тапшырылды. 21-мартка белгиленген театрлаштырылган оюн-зоок жамгырга байланыштуу өтпөй калды. Ага Жалалабад шаарындагы 600дөй мектеп окуучусу менен студенттер жана Барпы театрынын артисттери бир жумадан бери даярданып жатышкан. Майрамга чогулгандарды облустун губернатору Жусупбек Шарипов куттуктады.

Ырысбай Абдыраимов.

XS
SM
MD
LG