Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Бишкекте Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы талкууланат


БИШКЕК. 25-мартта Бишкекте өлкөдөгү демократиялык жараяндарды талкуулаган үч күндүк республикалык конференция башталат. Анын ишине түрдүү багыттар боюнча иштеген 200гө жакын бейөкмөт уюмдардын, укук коргоо жана эларалык уюмдардын, өкмөттүн жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Жыйында Кыргызстанда адам укуктары боюнча ратификацияланган эларалык келишимдердин аткарылышы, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы, сот, тартип коргоо тармактарындагы абал, өлкөнүн пенитенциардык системасындагы абал жана башка маселелер талкууланат. Конференция АКШнын Улуттук демократиялык институту тарабынан уюштурулууда.

XS
SM
MD
LG