БУДАПЕШТ. Бүгүн НАТОнун катчысы Яап де Хооп Схеффер этникалык албандардын лидерлерине кайрылып, Косоводогу тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн альянс менен кызматташууга чакырды. Будапештте сүйлөгөн сөзүндө Схеффер талаштуу провинциядагы кырдаал жакшырат деп үмүттөнөөрүн билдирди. Бүгүн кечинде баш катчы Косового барып, жергиликтүү жетекчилер менен жаңжалды алдын алуу чараларын талкуулайт деп күтүлүүдө.
Сербдер менен албандардын ортосунда өткөн аптада болгон кагылышуудан 28 киши, үч бала набыт болду, 600гө жакыны жаракат алды. 3 жарым миңдей тургун үй-жайсыз калды.
Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган – Сапар Орозбаков, Прага шаары