Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Россиянын атомдук крейсерине токтоосуз портко кайтып келүүгө буйрук берилди


МОСКВА. Россиянын аскер деңиз флотунун "Петр Биринчи" деген атомдук кемесине токтоосуз портко кайтып келүүгө буйрук берилди. Аскердик кемени өткөн жумада көрүп чыккан адмирал Владимир Куроедов кеменин техникалык ахвалы өтө начар экенине күбө болгон. Адмирал экипажга кемени портко алып келип, эки жуманын ичинде оңдоп чыгууну буйурду. Адмирал кеменин экипаж жашаган жайлары оңдолууга тийиш экенин кошумчалап, крейсер айлана-чөйрөгө коркунуч келтирбегенин бышыктады. "Петр Биринчи" крейсери Мурманск портунда катталган.


Эл аралык кабарлардын кечки топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары.

XS
SM
MD
LG