МАДРИД. Испания 11-марттагы теракттардан курман болгон адамдардын саны 202 эмес, 190 кишини түзгөнүн билдирди. Өкмөттүн айтымында, мындай жыйынтык өлгөндөрдүн ДНК анализинин негизинде чыгарылды. Учурда теракттарга катышы бар деген шек менен Испанияда 13 киши суракка алынып жатат, алардын 10у Марокконун атуулдары.