КИРКУК. Бүгүн Ирактын түрмөлөрүнөн жарым миңдей киши бошотулду. Американын Ирактагы аскерлеринин өкүлү полковник Жилл Маргенталер айымдын айтымында, туткундар "коопсуздукка шек келтирбейт" деген негиз менен бошотулган.
Анын аралыгында, Ирактын Хилла шаарында белгисиз бир адам машыгуулдан өтүп жаткан полициячыларга ок ачып, беш кишини өлтүрүп кетти. Андан мурдараак болсо Киркукта бир куралчан киши эки полициячыны атып кеткен. Ал эми Мосулда аскердик базага ракета атылып, андан 2 жөнөкөй жаран курман болуп, алтоо жаракат алды.