НАРЫН. Бул жөнүндө Нарын облустук мамлекеттик эмгек инспекциясынын башкы адиси Алмаз Максүтов кабарлады. Анын айтымында, облустук эмгек инспекциясында 9 адис иштеп, жергиликтүү бюджеттен каржыланышы керек. Бирок, азыр төрт гана адам иштейт жана мекеменин район борборлорунда бөлүмдөрү жок. Ушундан улам алыскы райондордогу эмгекчилердин укуктары корголбой, мекеме, ишканалардын жетекчилери көп мыйзам бузууларга барат. Ал эми өткөн жылы эмгек эрежесин бузуу боюнча 367 пунктан турган 63 көрсөтмө берилип, аны аткарбаган 2 мекеме жетекчисине 8 миң сомдон айып салынган.