БИШКЕК. 27-мартта Кыргызстанга Жамааттык коргонуу келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа келет. Анын Бишкекте президент Аскар Акаев жана өлкөнүн күч структураларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Бордюжанын сапары жумушчу сапар жана анын жүрүшүндө Жамааттык коргонуу келишими уюмунун ушул жылдын июнь айында Казакстанда өтө турган сессиясынын күн тартибине кирчү маселелер такталат.