Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

ГРУЗИЯ: KOНСТАНТИН ГАМСАХУРДИЯНЫН БЕЙНЕСИ


Жаңыл Жусубжан. Прага Грузияда өткөн ноябрдагы парламенттик шайлоодогу бурмалоолорго байланыштуу калайык массалык нааразылык чараларын өткөрүп, анын айынан президент Эдуард Шеварднадзе бийликтен кеткен эле. 28-мартта (ушул жекшембиде) бул шайлоонун экинчи айлампасы өткөнү турат. Мыйзам чыгаруу органындагы мандаттар үчүн 19 партия жана саясий бирикме ат салышууда. Алардын арасында кечээ жакында эле түзүлүп, бүгүн популярдуулугу боюнча алдыңкы сапка чыккан бир партия бар. Ал - Грузиянын алгачкы президенти Звиад Гамсахурдиянын уулу баштаган партия.

- Грузин жергесине кайтып келгенимде, артта калган 12 жыл мага көз ирмемдей сезилди. Бизди чоң мелдеш күтүп турат. Мен жеңилген өлкөгө кайтып келдим. Ошол эле убакта биз чоң жеңиштерге жетээрибизге ишенем. Жашасын Грузия!

Маркум президент Звиад Гамсахурдиянын тун баласы Константин Гамсахурдия өткөн жумада Тбилисиде эл алдына алгачкы жолу ушул сөздөр менен чыкты. Ал Швейцарияда бозгун болуп, 12 жыл чет элде жүрүп, жаңы эле атажуртуна кайтып келди.

42 жаштагы Константин Гамсахурдия январь айындагы президенттик шайлоодон кийин гана оңчул улутчул "Тависуплеба" же "Эркиндик" партиясын түзүп, оболу парламенттик шайлоо өнөктүгүнө ыргылжың киришти. Бүгүнкүгө чейин ал Тбилисиде жана атасы кеңири колдоого ээ болгон Батыш Грузияда гана шайлоочулар менен жолугушту.

Америкада юриспруденцияны окуган 36 жаштагы Михаил Саакашвили 4-январдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан эле. Саакашвили бийликке келгенден кийин Гамсахурдиянын элдик колдоосу кескин өстү. Соңку сурамжылоо анын партиясы бийликтеги Улуттук Кыймыл - Бириккен демократтар коалициясынан кийинки эле үч алдыңкы партиянын катарында экендигин көрсөттү. Азыркы тапта парламентке бийлик партиясы гана кире алат деп болжолдонууда. Бирок бийликтеги бириккен демократтардын блогунун баш катчысы Михаил Мачавариани жакында эки бейөкмөт бирикме менен катар, Гамсахурдиянын партиясы да жети пайыздык чекти алып, парламентке кирет деген ишенимин билдирди.

Гамсахурдиянын зоболосу чынында да тез көкөлөдү. Бир ай мурда аны элдин 1 пайызы колдосо, азыр бул көрсөткүч алты пайызга чыкты. Грузия өз алдынчалык алган, бирок Абхазия менен Түштүк Осетия бөлүнүп кете элек жылдарды эстеп, эңсегендер "Тависуплебаны" айрыкча колдошот.

Мындай шайлоочулардын арасында, албетте, Звиад Гамсахурдиянын жолдоочулары да бар. Звиадисттер топ-топ болуп бөлүнүп, Гамсахурдиянын саясий мурасын бөлүшө албай, ит жыгылыш болуп келатышат. Алардын арасында Гамсахурдиянын аялы, Мамана Арчвадзе мындан жети жыл мурда бозгундан кайтып келип, "көлөкө кабинетин" түзгөн, бирок бул аракет өлкөнүн саясий жашоосуна анчейин таасир тийгизе алган жок. Звиад Гамсахурдиянын жолдоочуларынын жоон тобу президент Саакашвилинин Улуттук кыймылы, Ажариянын жетекчиси Аслан Абашидзенин Демократиялык Кайра жаралуу биримдиги өңдөнгөн кадимки оңчул партияларга кошулуп кетишкен.

Саясий эксперттердин ишениминде, Константин Гамсахурдия баарынан да звиадисттерди өзүнө тартат. Грузиянын Социологиялык Бизнесс Интернэшнэл агенттигинин директору Мераб Пачулиа "Азаттыктын" кабарчысына Гамсахурдиянын күчү анын саясий көз караштарында эмес, жугумдуу жүрүм-турумунда жана Звиад Гамсахурдиянын баласы экендигинде жатат дейт:

- Башка звиадисттерден айырмаланып, ал экс-президент Гамсахурдиянын түз мураскору. Анын башкы артыкчылыгы ушунда. Ал ошондой эле атасына куюп койгондой окшош, сырткы келбети гана эмес, сүйлөгөнү, баскан-турганы да атасынын эле өзү. Эгер ал жети пайыздык тосмону ала алса, маркум атасына ырахмат айтышы керек. Акыркы 12 жылда ал Швейцарияда жашап жүрүп, макала жазып, маек куруп, бийликтерди сындап, сүйлөгөнүн эч ким угуп, көргөн эмес. Анын саясий жалгыз таянычы - атасынын элеси, жана ошондой эле атасынын Грузияда жашаган али көзү тирүү куралдаш-курбалдаштары.

Константин Гамсахурдия менен анын колдоочуларынан шайлоо платформасы тууралуу маалымат алыш айрыкча кыйын. Өткөн аптада кабарчылар менен жолукканда талапкер узак мезгилдүү саясий пландарын ооз учунан гана айтып өттү, ошол эле кезде атасынын түпкүлүктүү улуттан башкаларды жектеген саясаты менен анча жакындыгы жок экенин байкоо мүмкүн болду:

- Биздин максат – парламентке кирүү. Биздин негизги максатыбыз - Грузиянын Европа Биримдигине киришине даярдык көрүү. Бул үчүн биз өлкөдөгү улуттук азчылыктардын укуктарын коргошубуз керек.

Президент Саакашвилинин саясаты тууралуу суроого ал "өкмөттүн Ажарияны көзөмөлгө алуу аракетин колдойбуз" деген бир ооз сөз менен жооп берди.

XS
SM
MD
LG