Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:47

Иракта АКШ дайындаган администрация шийилердин гезитине тыюу салды


"Ал-Хавса" жумалыгына элди америкалык аскерлерге каршы тукурган макалаларды баскан" деген айып коюлууда. "Ал-Хавсанын" редактору Али Ясеринин айтымында, америкалык аскерлер гезиттин кызматкерлеринен иш орундарын бошотууну талап кылып, кеңселери кулпулап кетишти. Алар Ясериге АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремердин катын тапшырышкан. Катта зордук-зомбулукка шыкактоого тыюу салган былтыркы буйрукту гезиттин аткарбаганы айтылат.

Кийин Багдадда гезиттин жабылышына каршы нааразылык акциясы өтүп, ага жүздөгөн шийилер катышты.

XS
SM
MD
LG