30-мартта чыгууга даярдалып жаткан “Агым” басылмасында кабарчы Эркин Ашымовдун «Азыркы оппозициянын өңү кимге окшош?» деген макаласы жарыяланып жатат. Ушул басылмада дагы кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:
- Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатын сынга алган журналист Алым Токтомушевдин «Кыргыз бийлигинин кукурузасы» деген макаласы жыйынтыкталып жатат. Эсеп палатасынын түштүк аймагы боюнча төрагасы Азамат Кангелдиевдин былык иштерин сынга алган макала басылууда. Кабарчы Мамат Сабыров Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Марат Султанов менен Улуттук банктын ишмердүүлүгү жана анын элдин кызыкчылыгына жооп бербеген кредит берүү саясаты тууралуу маектешкен. Буга чейин ырчы кыз- жигиттердин бою, салмагы тууралуу баяндасак, бул жолу эстрада жылдыздарынын минген машиналары тууралуу сөз болот. Мындан сырткары дүйнөлүк жаңылыктар, бир бүркүм маалыматтарга орун берилүүдө.
Шейшемби күнгө басууга даярдалып жаткан “Аалам” басылмасында өлкөнү техника менен жабдуу маселелерине арналган баяндамага орун берилип жатат. «Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу басылманын жооптуу редактору Нарынкүл Назаралиева мындай дейт:
- Журналист Кенжебек Арыкбаевдин “Жол ачкыла” деген саясый аналитикалык макаласында түндүк- түштүк проблемаларын карапайым калк көтөрбөстөн, саясатчылар козгоп жатканы талдоого алынат. Жогорку кеңештин кош палатасынын жыйынында өкмөттүн курамын кароододон кабарчыбыздын баяндоосу чыгып жатат. Окурмандардан келген каттардан түзүлгөн атайын бет даярдалууда. “Демократия плюс бүткүл өлкөнү компьютерлештирүү” деген, өлкөнүн техникалык жабдуулары боюнча күңгөй-тескейлери тууралуу кабарчы Үсөнбек Дайырбековдун макаласы жарыяланып жатат.
“Дил ордосу” басылмасы өлкөдөгү саясый партиялардын ишмердүүлүгүн сандан санга жарыялап келүүдө. 30-мартта басууга даярдалып жаткан жаңы санында “Афганчылар партиясынын” жана “Алга, Кыргызстан” партиясынын иш-аракеттери жөнүндө макалалар жарыяланууда.
"Азыр өлкөдө бардык жагынан “Алга, Кыргызстан” партиясына теңдешчү эч бир саясый топ жок. Кебетеси жакын арада да чыкпайт өңдөнөт“ дейт автор.
“Дил ордосунда” “Оппозиция деп атын дүңкүлдөтүп, ишенгендерибиз бүгүнкү күнү эки эмес, үч лагерге бөлүнүп алды. Өлкөдөгү маалымат каражаттарынын абалы да адамдын зээнин кейитет” дейт кабарчы Айдар Козуев.
29-марттагы “Вечерний Бишкек” басылмасынын кабарчысы Надежда Хохлова Москвада болуп, Кыргызстан менен Орусиянын достугун чыңдоо боюнча орус саясатчыларынын ой-пикирин билген.
“Кыргыз үчүн Орусия, Казакстан, Белорусия жана Украина кирген кирдиктүү экономикалык аймакка мүчө болуп кошулса пайдалуу болоорун, өлкөдөгү бийлик бутактарында славян элдеринин өкүлдөрү аздыгын, коңшулардын коркунучуна Орусия гана калканыч болоорун, Ысыккөлдү туризмдин ордосуна айландыруу керектигин” айтышат, Орусиянын белгилүү саясатчылары Вадим Густов, Дмитрий Рогозин, Владимир Жириновский жана башкалар деп жазат автор.