Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

КИПР СҮЙЛӨШҮҮСҮ ЧЕЧҮҮЧҮ СЕРЕГЕ ЖАКЫНДООДО


Аким Өзгөн, Стамбул шаары, Түркия Кипр жаңжалын чечүүгө жана эки жамаатка бөлүнүп калган аралды саясий жактан бириктирүүгө багытталган сүйлөшүү Швейцариянын тоо койнундагы шаарында ургаалдуу улантылууда. Бирок анын кандай натыйжа менен аяктаарын алдын-ала жоромол кылууга эрте.

Швейцарийада, Алпы тоолорунун чокусундагы курорттук шаар - Бургенштокто Кипр жаңжалын чечүү максатын көздөгөн көп тараптуу сүйлөшүүлөр улантылып жатат. Алдын-ала келишилген график бойунча 31-март күнү айактоосу күтүлгөн бул тарыхый мааниге ээ сүйлөшүү марафонунун жыйынтыктоочу бөлүмүнө, кипрдик тараптар менен биргеликте, Түркийа жана Грекийанын өкмөт башчылары, ошондой эле, долбоордун түзүүчүсү БУУнун башкатчысы Кофи Аннан дагы катышып жатат.

“Кар тынды,
туман таркалды
Бургенштокто күн чыкты жана
муздар эриди»,
-
деген ыр саптары менен сөзүн баштаган Кофи Аннан дүйшөмбү күнү өзүнүн аты менен аталып калган Кипр планынын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген соңку вариантын тараптарга сунуш кылды.

Алынган кабарларга ылайык, эки тарап бул соңку вариантка киргизилишин талап кылган шарттарын эртең (шаршемби күнү) Кофи Аннанга билдирүүсү күтүлүүдө.

Аннандын планынын бул редакцийаланган соңку варианты адегенде түркийалык дипломаттар тарабынан ‘этийаттуу оптимизм’ маанайында кабыл алынып, түркийалык басылмаларда дээрлик оң мүнөздүү өнүгүү катары бааланды.

Редаксийаланган бул соңку вариантта түрк тарап талап кылып келген бир топ шарттар, маселен, аралда эки сектордуулуктун сакталып калуусу, түрк жана трек жамааттарынын ортосундагы сайасий теңдик жана коопсуздук чаралары аздыр көптүр канааттандырылган.

Кофи Аннан кечээ Түркийанын жана Грекийанын тышкы иштер министрлери Абдулла Гүл жана Петрос Моливйатистин катышуусу аркылуу өткөрүлгөн олтурумда өзүнүн планынын соңку вариантын сунуш кылып жатып, бул жерде жетишилүүсү ыктымал келишим ЕБ тарабынан укуктук кепилдикке алынаарын жана аралда белгилүү бир өлчөмдө түрк жана грек аскерлери сакталып калаарын да байандады.

Аннандын соңку планы трек тараптын кескин нааразычылыгын пайда кылып, грекийалык басылмалар бул чөгүңкү маанайды “Бириккен Улуттар бизге бир чыны кофе менен бир сендвич берип, түрк тарапка 5 жылдыздуу түшкү тамак тартуулады” деген сүйлөм менен чагылдырылды. А түгүл, айрым грек басма сөздөрүндө: “План ушул калыбында кабыл алынгандын өзүндө деле референдумда кипрдик гректер тарабынан четке кагылаары” жөнүндө жоромолдор билдирилди. Бир гана басылмалар эмес, кипрдик гректердин өкмөт чөйрөлөрү дагы адегенде мындай долбоор кабыл алынгыс экендигин билдирип, грек киприйоттордун улуттук кеңеши Бургенштокто шашылыш жыйынын өткөрдү. Грекийанын өкүмөт чөйрөлөрү дагы планда бир топ жагымсыз пункттар бар экендигин билдиришкенине карабастан, алынган кийинки маалыматтарга караганда, грек тараптын нааразычылык билдирген туруму жумшара баштаган.

Белгилүү болгондой,12 айга созулган үзгүлтүктөн кийин Түркийанын өкүмөтүнүн демилгеси менен кайра башталган Кипр тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алгачкы айлампасы Кипр аралында өткөрүлүп, тараптардын арасында мунаса табыла албай калуусунан кийин Швейцарийага которулду. Ошого чейин кипрдик түрктөрдүн атынан сүйлөшүүлөргө катышкан президент Рауф Денкташ Аннандын планы ушу калыбында эч качан натыйжа берүүсү мүмкүн эмес деп Швейцарийага өзү барбай, толук ыйгарымдуу өкүлү катары премьер-министр Мехмет Али Талат менен тышкы иштер министри Сердар Денкташты жиберди.

Айрым сайасий байкоочулар тарабынан бул - “ардагер дипломат Денкташтын сүйлөшүүлөрдөгү тактикасы” катары жорулду. Түркийа болсо соодалашуулардын бул жыйынтыктоочу иш-чарасында дипломатийалык демилгелерин күчөттү. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу АКШнын Президенти Жорж Буш, Германийанын канцлери Герхарт Шрөдер, Францийанын президенти Жак Ширак жана Еврокомиссийанын төрагасы Романо Проди менен сүйлөшүп, бул сүйлөшүүлөрдө грек тарапты эпке көндүрүш үчүн маселеге кийлигишүүлөрүн суранды. Дал ошол эле учурда тышкы иштер министри Абдулла Гүл Еврокомиссийанын кеңейүү иштерине жооптуу мүчөсү Гүнтер Ферхойген менен Бургенштокто көзмө-көз, ал эми АКШнын мамкатчысы Колин Пайэлл менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алынган кабарларга караганда, президент Буш Грекийанын премьери Костас Караманлиске телефон чалып, сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү айактоосу үчүн жардамчы болууга чакырган.

Жабык эшик артында өткөрүлүп жаткан сүйлөшүүлөр 31-марттын түн-ортосуна чейин улантылат. Башкатчы Аннан дагы мойунга алгандай, убакыт - тар жана тиркемелери менен бирге 9000 барактан турган план үстүнөн өз ара мунасага барыш - оңой жумуш эмес. Бирок, дипломаттык чөйрөлөрдүн көз карашында, “эгерде эки тарап бирдей жакшы санаалуулук менен орто жолго кадам таштап, маселени чечүүгө сайасий эркин көргөзүшсө, ошондой эле, ЕБ жана АКШ тараптарга карата кысымын уланта берсе, Бургеншток дагы бир эл аралык жаңжалдын чечилишине күбө болуп калышы ажеп эмес”.

XS
SM
MD
LG