БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бүгүн Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго Ташкен менен Бухарадагы терракттарга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жиберди.
Өзбекстандагы террактарга байланыштуу өлкөдө коопсуздукту жана бейпилдикти камсыз кылуу боюнча премьер-министр Николай Танаев башында турган штаб түздү. Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркуловдун маалыматына караганда, Кыргызстанда коопсуздук чаралары көрүлүп, чегара аймактарында көзөмөл күчөтүлдү.
Ал эми Өзбекстан террактан кийин чегарасын дароо жапкан. Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтары террорчул топторду чегарадан өткөрбөө үчүн бирдиктүү аракеттерди көрүп жатышат.