Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:25

КЫРГЫЗСТАНДЫН КҮЧ ОРГАНДАРЫ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШТЕЙ БАШТАДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Өзбекстандагы жардырууларга байланыштуу Кыргызстанда да тартип коргоо, коопсуздук, чегара кызматтарынын, министрликтеринин иши күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Өлкөдө ведомстволор аралык оперативдүү штаб түзүлдү.

Акыркы эки күндө коңшу Өзбекстанда болгон жардырууларга байланыштуу кыргыз өкмөтү да өлкөдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көнүл бура баштады. Бүгүн өкмөт үйүндө премьер-министрдин, күч структураларынын жетекчилеринин катышуусу менен Кыргызстандагы коопсуздук боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды күчөтүүгө байланыштуу жыйын болуп өттү. Ага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.

Жыйында каралган маселелер боюнча премьер-министрдин маалымат катчысы Курманбек Раматов «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү билдирди:

- Жыйында Кыргызстанда коомдук-саясий стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө сөз болду. Анын корутундусу катары тартип коргоо, күч структураларынын иштерин бир ыргакта жүргүзүү максатында ведомстволор аралык оперативдүү штаб түзүлдү. Мисалы, ички иштер, коопсуздук, тартип коргоо органдарына жергиликтүү администрация жетекчилери менен бирдикте Өзбекстан менен чеuаралаш жерлерде эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чеuараларды көзөмөлгө алууну күчөтүү маселеси жана башка маселелер козголду.

Президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков «Азаттыкка» маалымдагандай, учурда Кыргызстандын коопсуздук, тартип коргоо органдары Өзбекстандын тийешелүү органдары менен биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүшүүдө жана өлкөдө Өзбекстандагыдай окуялар орун албашы үчүн бүт аракеттер көрүлүүдө:

- Биздин укук коргоо, коопсуздук органдары, атайын кызматтарыбыз Өзбекстандын ушундай эле кызмат, органдары менен биргелешкен иш алып барып, ошол жардырууларды жасаган террористтерди таап, алардын мыйзамга жараша жазасын алышына колдон келген жардамдарын беришет. Ага биз даярбыз. Биз Кыргызстанда мындай террордук акттарды болтурбоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайбыз. Бирок ар бир атуул сак болушу керек.

Кыргызстандын ички иштер министринин атайын буйругу менен өлкөдөгө маанилүү объектилер, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтери жайгашкан жерлер, эларалык уюмдардын Кыргызстандагы кеңселери, ошондой эле адамдар көп топтолгон жайлар күчөтүлгөн тартипте коргоого алынууда. Бул жөнүндө министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов төмөнкүдөй билдирди:

- Кечээ ошол Ташкентте болгон жардыруулар жөнүндө маалыматты алгандан кийин эле министр атайын буйрукка кол койду. Анда биздин өлкөдө жайгашкан элчиликтер, консулдуктар, чет өлкөлүк уюмдар жайгашкан жерлерди, алардын кызматкерлери жашаган үйлөрдү, ошондой эле өзүбүздүн республикадагы маанилүү объектилерди, курал-жарактар сакталган жайларды, адамдар көп топтоло турган жерлерди, объектилерди кайтарууну күчөтүү тапшырылган. Постко турган милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү маселеси да көтөрүлүүдө.

Ички иштер министрлигинин өкүлү маалымдагандай, тартип коргоо органдары тарабынан унааларды текшерүү, «Хизб ут-Тахрир» уюмунун Кыргызстандагы мүчөлөрүнө карата көзөмөл да күчөтүлөт.

Өзбекстандагы террордук актыларга байланыштуу Кыргызстандын чегара кызматынын да иши күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлө баштады. Бул жөнүндө чегара кызматынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Бөлөкбай Шеримбеков «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү кабарлады:

- Өзбекстандагы жардырууларга байланыштуу чегара кызматы да коопсуздукту камсыз кылуу багытында күчөтүлгөн иш-чараларды жүргүзө баштады. Кыргыз-өзбек чегара кайгуул бекеттеринде кызмат кылуунун күчөтүлгөн режими киргизилип, чегара көзөмөлү күчөтүлдү. Чегарадан өткөндөрдүн документтери, жүктөрү бир кыйла кылдат текшерилмекчи. Чегаралардагы кызматкерлердин саны көбөйтүлдү. Чегара көзөмөл зоналарына кирүүчү адамдардын жана унаанын саны чектелет.

Кыргызстанда түзүлгөн ведомстволор аралык оперативдүү штаб мындан ары өлкөдө коомдук- саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзмөкчү.

XS
SM
MD
LG