ПАРИЖ. Франция президенти Жак Ширак Орусияга 1-апрелге белгиленген ырасмий сапарын эки күнгө кийинкиге жылдырды. Мындай чечим кабыл алууга Францияда жаңы өкмөт курамын бекитүүгө байланышкан жагдай себеп болду. Жан-Пьер Раффарен баштаган өкмөт ушул жекшембиде өткөн аймактык шайлоодо солчул күчтөргө утулуп, кызматынан кетти. Бирок Жак Ширак жаңы өкмөт курамын топтоо милдетин кызматынан чегинген премьер-министрдин өзүнө тапшырды. Жаңы өкмөттүн алгачкы отурумун Жак Ширак өзү башкарат.