Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

ЖККУ Өзбекстандагы жагдайды жөнгө салууга жардам берерин билдирди


БИШКЕК. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун билдиргенине караганда, Кыргызстан менен Өзбекстан чегарасында коопсуздук чараларды күчөттү. Ошондой эле Ашыркуловдун ИТАР-ТАСС агенттигине билдиришинче, Өзбекстандагы террактка “Хизб ут-Тахрир” уюмунун жана Өзбекстандын ислам кыймылынын катышы болушу ыктымал. Бул божомолду азыр Кыргызстандын жана Өзбекстандын атайын кызматтары биргелешип иликтеп жатышат.

Учурда Бишкекте жүргөн КМШ мамлекеттеринин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа уюм Өзбекстандагы жагдайды жөнгө салууга көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов жана Кытайдын тышкы иштер министри Ли Шаошинг (Li Zhaoxing), Азербайжан президенти Илхам Алиев Өзбекстандагы жоготууларга байланыштуу президент Ислам Каримовго көңүл айтышты.

XS
SM
MD
LG