Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

ПРЕЗИДЕНТТИН ПАРЛАМЕНТ МҮЧӨЛӨРҮНӨ КАЙРЫЛУУСУ, СУУГА ЧЫЛАНГАН ТОКМОК, БАТКЕНДИКТЕРДИН ЖАЗ КАМЫЛГАСЫ


Президент А.Акаевдин парламент депутаттарына кайрылуусу кыргыз басылмаларында комментарийге алынууда. Айрым басылмалардын ырасташынча, Кыргызстанда мыйзамдар тез-тез кабыл алынганы менен алар бекем сакталбайт. "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам, президент А.Акаевдин кош тил саясаты көпчүлүк арасында аркыл пикирлерди жаратууда. Арыктарды бүтөп салган токмоктуктар жер алдынан сарыгып чыккан суулардын азабын тартышууда.

Президент А.Акаевдин Жогорку Кеңешке кайрылуусунун тексти бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитине жарыяланды. Анда президент Конституциянын жаңы редакциясынан улам чыккан милдеттердин мыйзамдык негиздерин аныктаган. Президенттин пикиринде жаңы мыйзамдарды маалында кабыл алуу ишинде биртоп мүчүлүштүктөр бар. Ошондуктан парламент акыркы жылын натыйжалуу пайдаланып, жаңыланган Конституцияга ылайык жаңы мыйзамдарды кабыл алып бериши керек.

Суу агып кетчү арыктарды бүтөп, айрымдарын таштанды, акыр-чикир таштачу жайга айлантып салышынын кээрин тартып ушу тапта Токмок сууга чайылууда, деп жазат Алексей Ермолов. Камбыл шаардыктардын бир даары каз-өрдөк багып, жер алдынан сарыгып чыккан сууну пайдаланууга өтүшкөн. Ушу тапта Токмокто ондон ашуун жер казуучу техника иштеп, сууга чайылган шаарды куткаруу ишин жүргүзүүдө.

Чоң суу проблемасына бейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити да кайрылды. Басылманын маалымдашынча, Баткен облусунун адистери каналдарды тазалап, жаңыларын салуу иштерин жүргүзүшүүдө. Суу чарба курулуштары аягына чыкса баткендиктер дагы 18 миң гектир жаңы жерди иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Баткен облусунун суу проблемасын аз да болсо чечип берүүгө эларалык уюмдар, Дүйнөлүк банк, Улуттар уюмунун өнүгүү программасы көмөк көрсөтүп, каржы бөлүп берүүдө.

А.Акаевдин парламентке кайрылуусу тууралуу Данияр Каримовдун “Акаевдин теоремасы: сандын азайышы сапаттын көбөйүшүнө барабар” деген макаласы жарыяланды. Анда автор президенттин чиновниктердин алкын тыйып, арамдан тапкан дүйнөсүн ачыкка чыгаруу демилгесин алдыга жайганына токтолгон.

Ушул эле темага бейшембидеги “МСН” гезити да токтолду. Журналист Рина Приживойт Кыргызстан жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жагынан алдыда келатканы менен, мыйзамдар сакталбай жатканын белгилейт. Автордун ырасташынча, проблеманын баары жалаң эле мыйзамга байланыштуу болгондо Кыргызстан кыйынчылыктан алдакачан эле чыгып кетмек.

“Аалам” гезитинин жума күнү чыкчу санында мамлекеттик тил маселесине арналган материалдар арбын. Аны басылманын башкы редактору Чолпонбек Абыкеев айтып берет:

- Тил кыймылынын Ордо кеңешинин кайрылуусу жарыяланып жатат. Кайрылууда президент А.Акаев мамлекеттик тил мыйзамына кол койгондо, ага кошуп кошумча жарлыгын чыгарат экен деген сөз чыгып кетти. Жарлыкта мамлекеттик тил мыйзамын ишке киргизүүнү 2015-жылга жылдырып коет дегенге Oрдо кеңешинин мүчөлөрү катуу каршылык көрсөтүп кайрылуу даярдашты. 31-марттагы “Дело №”, ошол күнкү “Вечерний Бишкек” гезиттерине жарлык долбоорунун орусча тексти чыкты. Анын кыргызчасын таппай койдук. Долбоорду жарыялоонун максаты эмнеде экендигин талдаган макала “Аалам” гезитинде жарыяланууда.

“Кыргыз руху” гезитинин кабарчысы Уулкан Токторалиева жаңы санда чыкчу материалдар менен тааныштырат:

- Гезитибиздин бул санында президент А.Акаевдин интервьюсу жарыяланууда. Андан сырткары Кален Сыдыкованын “Сөздүн былыгы, көздүн тырыгы жаман” деген макаласы басууга даярдалууда. Жалалабаддагы мектеп окуучуларына пол жуугучтун айлыгын төлөп берип иштетип жатышкандыктары тууралуу “Жалалабаддагы мектеп коррупциясынын барымталары” деген макала басылууда.

Кеп кезеги “Бишкек таймс” гезитинин жооптуу катчысы Базарбай Гапаровдо:

- Мамлекeттик тил мыйзамы тууралуу президенттин Кыргызстан калкы ассамблеясында өткөргөн жолугушуусу жана анын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндөгү жарлыгы жөнүндө кыскача материал басууга даярдалууда. Журналист Бахпурбек Аленов менен ишкер Эмир Сарпашевдин ортосундагы мамиле тууралуу кыскача материал жарыяланууда.
XS
SM
MD
LG