Орусиянын Мамлекеттик думасы 31-мартта кабыл алынган жаңы мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө даярданууда. Ал мыйзам боюнча, өкмөттүк, президенттик жана башка маанилүү имараттардын алдында демонстрация же митинг уюштурууга тыюу салынган, бирок оппозициялык партиялар жана коомдук уюмдар ага каршы чыкты. Спикер Борис Грызловдун айтымында, эми мыйзам оңдолуп, президенттик имараттын алдында гана митинг өткөрүүгө чектөө салынат.