Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Ирактагы кагылыштардан 30дай адам каза тапты


АКШ баштаган коалициянын аскерлери шийит дин ишмерлеринин бири Моктада ал–Садырдын жактоочулары менен кагылышты. Башкалаа Багдаддын чет жакасындагы Садыр шаар деп аталган жакыр райондогу кагылыштан америкалык жети аскер каза тапты. Жергиликтүү полиция бекеттери менен өкмөттүк имараттарды басып алууга аракеттенген шийиттер менен болгон урушта ошондой эле жыйырмадан ашуун жоокер жаракат алды. Ал эми Нажаф шаарындагы кагылыштан 20 ирактыктан тышкары, бир америкалык, бир сальвадорлук аскер мерт болду. Шийиттер Иракта коалициялык аскерлердин турушуна такай каршы болуп жүргөн Моктада ал-Садырдын пикирлештеринин биринин камакка алынганына байланыштуу нааразылык билдирип көчөгө чыгышкан эле.
АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремер аталган окуяга байланыштуу мындай деди:

-Зомбулукту көздөгөн адамдардын тобу Нажафта белгиленген чектен кесип өтүштү. Буга коалиция тарабынан, ирактыктар тарабынан жана Ирактын коопсуздук күчтөрү тарабынан жол берилбейт.

Пол Бремер кечээ Ирактын жаңы коргоо министрлиги жана улуттук чалгын кызматы түзүлгөнүн жарыялады. Анын айтымында, бул мекемелер өлкөнү террорчулар менен козголоңчулардан коргоо үчүн түзүлдү.

XS
SM
MD
LG