Алгач быйыл июнь айына белгиленген шайлоо эми сентябрда өтөөрү күтүлүүдө. Уюмдун башкатчысынын бейпилдик операциялар боюнча орун басары Жан –Мари Геннонун билдиргенине караганда, Ооганстанда коопсуздук жагдайы жакшырмайынча шайлоо үчүн коркунуч сактала берет. Ал кечээ Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн учурунда белгилегендей, ооган топтору шайлоого толук чейин курасызданып, алардын мүчөлөрү жай турмушка аралашышы абзел. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Ооган президенти Хамид Карзайдын куралсыздандыруу жараянын шайлоо алдында ыкчамдатуу жөнүндөгү чечимин кубатташты.