Кечээ Римде атайын майрамдык диний таат өткөрүлүп, ага Рим папасы Иоанн Павел экинчи катышты. Россияда миңдеген диндарлар чиркөөлөргө сыйынганы келип жатышат. Майрамдык таат-ибаадат эки күнгө созулат. Диний иш чаралар маалында коопсуздукту камсыз кылганга дээрлик чейрек миллион милиция күчтөрү тартылды.