Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Фаллужа шаарында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Бул жерге жергиликтүү сүннүлөрдүн диний лидерлерин жана антикоалициялык козголоңчулардын жетекчилерин ок атышууларды токтотууга көндүргөнү Ирактын башкаруучу кеңешинин эки мүчөсү – Хаким ал-Хосни менен Гази ал-Йабар келишти. Кеңештин башка бир мүчөсү Махмуд Отман ырастагандай, делегаттар мындан он күн мурда Фаллужада америкалык төрт ишкер адамды өлтүрүп кеткен кылмышкерлерди таап, жазалоо милдетин шаардык жамаат өзүнө алышы керек деп эсептешет. Мунун алдында делегаттардын бири ал-Хосни козголоңчуларды коалициянын жарашуу сунушуна макул болууга чакырган эле.

XS
SM
MD
LG