Бул тууралуу бүгүн Батумиде ажар лидери Аслан Абашидзе менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн грузин премьери Зураб Жвания ырастады. Жвания ушул жана башка талаштуу маселелерди талкуулаганы Батумиге келген эле. Грузин президенти Михаил Саакашвили автономиядагы бардык топтор куралсыздандырылбаса, Ажариянын парламентин таркатып, жаңы шайлоо өткөргөнгө аргасыз болорун кечээ кайрадан эскерткен.