Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

АПТА ИЧИНДЕГИ УРУНТТУУ ОКУЯЛАРГА БАЯН


Азиза Турдуева, Бишкек Өтүп бараткан аптада КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин отуруму өттү. “Арнамыс” партиясынын төрагасы Феликс Куловду бошотууну талап кылган нааразылык акциясы оңунан чыккан жок. Президент тартип коргоо органдары менен жолугушуп, алардын ишин катуу сынга алды. Ошондой эле Кыргызстан менен Молдованын ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Апта башында президент Аскар Акаев өлкөдөгү күч структураларынын жетекчилери менен жолушуу өткөрдү. Анда Кыргызстанда соңку мезгилде кылмыштуулук күчөп баратканы, ал эми тартип коргоо органдары уюшулган кылмыш топторуна каршы күрөөшүүдө чабалдык кылып жаткандыгы белгиленди.

Президенттин айтымында, 2002-2003-жылдары эле өлкөдөн 3 миңге жакын адам дайынсыз жоголгон. Ал эми ар кандай жагдайда каза болгон 1029 адамдын ичинен жүздөн ашууну мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Акыркы эки айдын ичинде эле киши жалдап өлтүрүүлөр боюнча кылмыштар көбөйдү. Президент күч структураларына өлкөдө уюшулган кылмыш топторуна каршы күрөшүүнү күчөтүү, тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин адистик даярдыгын жакшыртуу тапшырылды. Бул иш чараларды премьер-министр Николай Танаев жетектемек болду.

Апта ичиндеги башкы окуялардын бири - Чолпон Ата шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин отуруму болду. Анда КМШ өлкөлөрүнүн алкагында экономикалык, аскердик кызматташууну жакшыртуу, терроризмге, кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү, мыйзамсыз миграция жана башка маселелер талкууланып, жалпысынан 29 документ кабыл алынды. Алардын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аймагында транспорт каттамын жеңилдетүү тууралуу келишимге, табигат кырсыктарынан жапа чеккен өлкөлөргө жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен Фонд түзүү тууралуу жана башка макулдашууларга кол коюлду. Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылуу милдети Кыргызстандын премьер-министри Николай
Танаевден Молдованын премьер-министри Василий Тарлевке өткөрүлүп берилди. Василий Тарлев бул жыл КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү натыйжалуу жылдардын бири болооруна ишенээрин билдирди.

- Ушул жыл КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык мамилелердин өнүгүү тарыхындагы жаңы баскыч болооруна, бул жылы КМШнын алкагындагы кызматташуулардагы чечилбей келген көптөгөн маселелер чечилет деп ишенем ,-деди Василий Тарлев.

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кийинки отуруму ушул жылдын сентябрь айында Астана шаарында өткөрүлөт.

17-апрелде болсо Молдованын премьер-министри Бишкекте бир күндүк сапар менен болуп, Молдова менен Кыргызстандын ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюлду. Алардын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы 2004-2013-жылдарга эсептелген экономикалык кызматташуу, маалымат жана маалыматтык технология, эмгек, социалдык коргоо жана башка тармактардагы кызматташуулар жөнүндөгү макулдашуулар бар.

Өтүп бараткан аптада Бишкекте “Арнамыс” партиясынын учурда камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун жактоочулары нааразылык акциясын уюштуруу аракетин көрүштү. Алар Бишкек шаарынан Феликс Кулов жаткан Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңыжер айылындагы камакка чейин жөө жүрүшкө чыгууга камданышкан. Бирок Куловдун жактоочулары эртең мененки саат 9да Бишкектин Фучик менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде чогулаар замат эле тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалып, мажбур түрдө автобустарга салынды. Алар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып барылып, суракка алынышты. Андан соң алардын он беши Биринчи май райондук соту тарабынан административдик жоопко тартылды. Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова жана Турсунбек Акун 1000 сомдон айыппулга жыгылышты. Тартип коргоо органдары нааразылык акцияга чыккандарды тынч жыйындарды, пикет, митингдерди өткөрүү боюнча мыйзамды бузушту деп күнөөлөштү. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев мындай деген сөзүн айтты:

- Акцияны чоң трассалардын кесилишинде, транспорт, жүргүнчүлөр көп жерде уюштуруу туура эмес. Биз мыйзамды бузушкандыгы үчүн чара колдонобуз деп эскерткенбиз. Бирок алар тескерисинче, биздин айткандарыбызга көнүшкөн жок. Натыйжада администартивдик чара колдондук .

Ал эми нааразылык акциясына катышкандардын бири - “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова жөө жүрүшкө чыгуу эч бир мыйзамды бузууга жатпайт деген пикирин билдирди:

- Жөө жүрүш акциясын жүргүзүү эч кандай бир документтерде көрсөтүлүп, камтылган эмес. Бул атуулдардын эрки, укугу. Ошондуктан тартип коргоо органдарынын 15-апрелде жөө жүрүшкө чыккан атуулдарды кармап, административдик жоопкерчиликке тартууга эч кандай укугу жок эле .

Укук коргоочулар нааразылык акциясына чыккан атуулдардын укуктарынын бузулушу боюнча башкы прокуратурага жана адам укуктары боюнча эларалык уюмдарга кайрылышты.

Бул аптадагы коогалуу окуялардын бири - Бишкектеги “Дордой” базарына таандык “Дордой Азия” дүң соода имаратынын өрттөнгөнү болду. Өрт өчүрүү мезгилинде төрт соодагер жана бир өрт өчүрүүчү жаракат алышты. Бул соода үйүндө күнүнө 300гө жакын атуул соода кылып турчу. Өрттүн чыгышынын себептерин тийешелүү мекемелердин кызматкерлеринен түзүлгөн атайын комиссия иликтөөгө киришти.

XS
SM
MD
LG