Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Леонид Кучма Украинанын НАТО уюмуна киришин каалайт


Киевде НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен жолуккандан кийин Украин президенти анын өлкөсү тынчтык орнотуу миссияларына жана башка иш-чараларга катышуу менен НАТОго мүчө болууга олуттуу мамиледе экендигин көрсөтүп жаткандыгын билдирди.

Мунун алдында де Хооп Схеффер НАТО Украина менен стратегиялык кызматташтыкка чоң маани берээрин белгилеп, ошол эле убакта эгер өлкө НАТОго киргиси келсе, демократия жана адам укуктары жаатында кемчиликтерин оңошу керектигин эскертти. Де Хооп Схеффер Европа Биримдиги сыяктуу эле, мыйзамдуулук, демократия жана маалымат каражаттарынын эркиндиги сыяктуу асыл-нарктарга НАТО да зор маани берээрин белгиледи.

XS
SM
MD
LG