Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Казак президенти Назарбаев Маскөөдө президент Путин менен жолукту


Казак президенти Нурсултан Назарбаев Маскөөгө келип, бүгүн президент Владимир Путин менен жолукту. Эки президент террорчулукка каршы күрөш, Байкоңур космодромун биргелешип пайдалануу, Каспий деңизинин расми макамы жана башка маселелерди талкуулады. "Мен сиз менен эки тараптуу мамилелерди, өзгөчө кызматташуунун жетишилген деңгээлин кармоону талкуулайын дегем. Эки өлкө ортосундагы соода 50 пайызга жогорулады. Андан тышкары, албетте, Борбор Азияда күчөгөн террорчулук дагы бизди тынчсыздандырбай койбойт", - деди Путин. Март айында Путин Орусиянын президенти болуп шайлангандан бери, Маскөөгө Украина менен Өзбекстандын президенттери Леонид Кучма жана Ислам Каримов келип кеткен.

XS
SM
MD
LG