Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

ШКУнун Тышкы иштер министрлери Москвада


Эртең Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болот. Ага Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков катышат. Жыйында ШКУнун өткөн жылдын май айындагы саммитинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана уюмга кирген мамлекеттердин башчыларынын ушул жылдын июнь айында Ташкентте боло турган саммитине даярдык көрүү маселеси каралат. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка караганда, ШКУнун Москва саммитинде кабыл алынган чечимдер аткарылып, уюмдун катчылыгы менен регионалдык антитеррордук структурасы ишке кирди. Уюмга мүчө өкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңеши уюм алкагында соода-экономикалык кызматташуу боюнча 2020-жылга чейинки программаны кабыл алды. Жыйындын акырында тышкы иштер министрликтери ортосундагы кызматташуу тууралуу протоколго кол коюлат.

XS
SM
MD
LG