Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Мамлекет башчысынын Япониядагы иш сапары уланды


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаевдин Япониядагы визити уланды. Бул күнү президент Япониянын эл аралык кызматташтык «Жаика» агенттигинин жетекчиси Огата айым менен жолугушту. Жолугушууда агенттик менен Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы орто ишканаларын өнүктүрүү жана саламаттык сактоо багытындагы долбоорлорго социалдык колдоо көрсөтүү жаатында кызматташуу макулдашылды. Келечекте “Жаика” агенттиги Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү долбоорун ишке ашырышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма өз кызматынан билдиришти. Ошондой эле президент Япониянын жана Кыргызстандын ишкерлеринин Бизнес форумуна катышып, экономиканын өнүгүүсүнө негиз болгон жеке менчик сектор өнүгөөрүн билдирди. Өлкө башчысы Аскар Акаев бүгүн Японияда Кыргызстандын элчилигин ачты.

XS
SM
MD
LG