Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Каржы министрлигинде донорлор менен жолугушуу болду


БИШКЕК. Бүгүн каржы министрлигинде донорлор менен жолугушуу болду. Анда министрдин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев Жакырчылыкты кыскартуу боюнча улуттук стратегиянын алкагында донорлордун жардамы менен аткарылып жаткан программалар тууралуу маалымат берди. Маалым болгондой, Эларалык валюта кору, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, ПРООН жана Швейцариянын көмөгү менен өлкөдө ондогон долбоорлор аткарылууда. 2005-жылдын апрель айында Париж клубунун алкагында Кыргызстандын тышкы карызын реструктризациялоо маселеси каралат. Аны чечүүдө донорлордун отчеттору эске алынат. Эларалык донорлордун өкүлдөрү жолугушууда долбоорлорду, реформаларды аткарууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешкен.

XS
SM
MD
LG