Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Таиландда сеператист деп шектелген 130 чакты киши өлтүрүлдү


Таиланд армиясынын соңку маалыматына караганда, мусулман сеператисттери бүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү аймактарда жок кылынды. Премьер-министр Таксин Шинаватра өкмөттүк аскерлерден экөө гана курман болду деп билдирди. Кол салгандар болгону бычак менен куралданган экен. Кабарчылар менен жолугушканда Шинаватра буларды кошумчалады:

- Бул ички жаңжал, аны жөнгө салууга болот. Мен бул кайгылуу окуяга камтамамын, ошол эле кезде бул жылышты билдирет, атнкени биз мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо багытында баратабыз.

Бүгүн эртең менен куралчандар 15 жерде полициянын көзөмөл бекеттерине, армиянын турактарына жана башка өкмөттүк жайларга бир мезгилде кол салышкан. Кол салуунун максаты – курал тартып алуу болгондугу болжолдонууда.

Армиянын маалымат катчысы майор Чинтарт Буноток алгач кол салган 93 киши өлтүрүлүп, кийин тай аскерлери куралчандардын калдыктары жашырынган мечитке чабуулга өткөндө, дагы 32 киши окко учканын бышыктады.

XS
SM
MD
LG