Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Жалалабадда акыйкат башкаруу жылына арналган эки күндүк семинар аяктады


ЖАЛАЛАБАД. 29-мартта облуста социалдык мобилизация жана акыйкат башкаруу жылына арналган эки күндүк семинар жыйынтыкталды. Семинарда баяндалгандай, социалдык мобилизация жылын ишке ашырууга республикада 6 миң жамаат жана 3,5 миң өз ара жардамдашуу топтору уюшулду. Үч айда 36 бизнес инкубатору түзүлүп, 25 миң жумушчу орун пайда болду. Быйыл 38 жаңы мектеп курулуп, 72 китепкана, 141 клуб, 234 оорукана жана миң чакырым жол оңдолот. Социалдык коргоо жана эмгек министри Роза Акназарова ар бир облус, райондо атаандашып эмгектенүүгө, ал эми вице премьер-министр Уларбек Матеев диний экстремизмге каршы турууга чакырышты. Президент Аскар Акаев айылдык инвестиция кеңештерине 12 млн. сомдук сертификаттарды тапшырды.

XS
SM
MD
LG