КОПЕНГАГЕН. Мындай пикирин АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэл кечээ Даниянын баш калаасында билдирди. Анын айтымында, 30-июнда Ирак өкмөтүнө бийликти өткөрүп берүү тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңеши чечим чыгарарына АКШ ишенет. Ушул эле күнү Франциянын президенти Жак Ширак Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү структураларын Ирактын чындап эгемендикке жетишине кам көрүүгө чакырды. Ширак эки ача маанидеги мунаса чечим иш жүзүндө коалициянын бийлигин күчүндө калтырышы мүмкүн экенин билдирип, Коопсуздук Кеңеши Вашингтон каалагандай чечим чыгарып берээринен күмөнү барын белгиледи.