Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Бүгүн Европа Биримдигине 10 мамлекет расмий кабыл алынды


ДУБЛИН. Европа Биримдигинин кеңейишине байланыштуу бүгүн 25 мүчө мамлекеттин башчылары Дублин жолугушуусуна чогулушту. Саммиттин алдында туу көтөрүү салтанаты өттү. Азыр Биримдиктин башында турган өлкө - Ирландиянын премьер-министри Берти Аэрн Биримдиктин кеңейишин элдин эмгеги катары баалады:

- Евробиримдикке бүгүн кошулуп жаткан Европа элине достук колумду созом. Сиздердин демократиялык тандооңуздар, аракетиңиздердин арты менен ушул күн келди.

Биримдикке 10 мамлекет, алардын ичинде Кипр жана Мальтадан тышкары посткоммунисттик сегиз өлкө: Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Польша, Словакия, Словения ырасмий кошулду. Аны салтанаттоо Таллин баш болгон жаңы мүчө мамлекеттердин борбор шаарларында түн жарымында башталып, фейерверктер жагылды:

Польшанын посткоммунисттик лидери Лех Валенса Евробиримдик өмүр бою эңсеген кыялын ишке ашырганын айтты. Белгия премьер-министри Романо Гай Верхеужен Европанын жаңы доору келгенин белгиледи.

Эми Европа Биримдигинде жашаган калктын саны 450 миллионго чыкты.

XS
SM
MD
LG