Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Укук коргоо уюму Өзбекстанды каржылоону токтотууну АКШдан суранды


ТАШКЕН. Өзбекстандагы адам укугун коргоо боюнча көз карандысыз уюмдун башчысы Сурат Икрамов бул өлкөгө каржылык колдоону кыскартуу суранычы менен Кошмо Штаттарга кайрылды. Ачык катта мындай сунуш өлкөдө адам укугунун сакталбай, камоолор, запкы көрсөтүүлөр уланып жаткандыгы менен байланыштырылган. Ошондой эле майнапсыз жардамдар терроризмди туудуруучу репрессияга алып келип жатканы белгиленген. Бул аралыкта АКШ департаментинин алдында Өзбекстандагы адам укуктары менен демократиянын өнүгүшүн таразалоо милдети турат. Анын негизинде Конгресс Өзбекстанга мындан ары жардам көрсөтүүнүн деңгээлин аныктамакчы.

XS
SM
MD
LG