Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

АЖАР АВТОНОМ РЕСПУБЛИКА ЖЕТЕКЧИСИ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ, «ЖИБЕК ЫҢКЫЛАБЫ» УЛАНУУДА


Грузиядагы “жибек ыңкылабы” Тбилисиден соң Батумиге жетти. Жаңы грузин бийлигин кыртышы сүйбөгөн Ажар автоном республика президенти Аслан Абашидзе кыйла жыл отурган ордун таштап, Орусиядан башпаанек издешке мажбур болду. Бийликти бир колдон экинчисине тынч-аман өткөрүүнүн кыныгын алган Грузия калкынын саясий батыл кадамы кыргызстандык атуулдар арасында аркыл пикирлерди жаратууда.

Грузиянын борбордук бийлигине сыртын салып, жаңы шайланган президент Михаил Саакашвилини аймагына киргиздирбей койгон Аслан Абашидзенин кыйла жыл ээлеп отурган ордун бошотушу кан төгүлүү менен коштолушу толук ыктымал болчу. Шүгүрчүлүк, талаштуу маселе тынч жол менен чечилди.

Грузиядагы ушуну менен экинчи ирет кайталанып аткан “жибек ыңкылабынын” шарпасы дагы кыйлага жаңырыктап турушу ыктымал. Калктын бийликке нааразылыгы мезгил-сааты келгенде калкып чыгарын Кыргызстандагы Аксы окуялары көрсөткөн. Ташкендеги жардыруулар айласы түгөнгөн элдин аргасыз абалынын бир көрүнүшү экенин айрым маалымдоо каражаттары белгилеп келатат.

Ажар автоном республикасындагы саясий окуялар бийликке жаңы муун келатканын айгинелейт, деп эсептейт Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунов.

- Авторитардык режим кетип, демократиялык бийлик келип атат. Мурдагы «түшпөс хандар» алмашып, өлүп, башка болуп, алардын ордуна келчү жаңы муун саясатчылардын убактысы бышып жетилип, атүгүл өтүп баратат. Тилекке каршы, бул иш Орто Азиядан башталбай Кавказдан – Грузиядан, Азербайжандан башталып отурат. Эски заман кетип баратат, заман заман келип атат. Жаңы заманга ошо Алиевдер, Шеварднадзе, Назарбаев, Акаевдер жооп бербейт.

“Бишкек таймс” гезитинин башкы редактору Нуралы Капаровдун ырасташынча, бийликке келген жаңы муун өкүлдөрү өлкөнү туташ каптаган коррупцияга аеосуз күрөш ача тургандыгын айтып келатат. Анын жыйынтыгын мезгил көрсөтөт.

- Ажариядагы көрүнүш – бийлик алмашпай калгандагы бир бучкагы болуп атпайбы. А.Абашидзе деген ал жерде 30 жылдан отурган. Батуми порт шаар экен. Грузиянын экономикасынын үчтөн бириби, төрттөн бириби – ошол жерде айланган. Орусиянын Европага, араб өлкөлөрүнө, Түркияга соода жолу ошол порт аркылуу өтөт экен. Ошол байлыктын каймагын калпып отурган адам экен да. Анан ошондой байлыкты бийликке жаңыдан келген жаш балага бергиси келбейт. А жаш бала өкмөт үчүн иштейби, өзү үчүн иштейби – ал да белгисиз. Бул жерде эски менен жаңынын кагылышы жүрүүдө.

Саясат таануу илим доктору, профессор Аалыбек Акунов Грузияда бийликтин бир колдон экинчисине тынч-аман өтүшүндө Орусиянын көмөгү чоң болду деп эсептейт.

- Эгер бул процесс уланып, Абхазия, Ажария, Түштүк Осетия Грузиядан бөлүнүп кетсе, ушундай эле маселени эртең Өзбекстанда Каракалпакстан койсо, ушул процесс улана берсе анда дүйнөлүк процесске төп келбей калган болор элек. Ушул жагынан алганда бул Грузиянын тарыхында болгон эң маанилүү тарыхый окуя деп ойлойм.

Кавказдын эки республикасында бийлик тынч-аман бир муундан экинчисине өттү. Азербайжанда Гейдар Алиев каражанынын кайгайы менен калган чагында ордун уулуна калтырып түбөлүк жайга кете берди. Грузияда бийлик жаңы муундун өкүлү Михаил Саакашвилиге тийди. Ушу тапта жаамы калкы ага илгери үмүт артып, келечегин жаш жетекчиге байланыштырып отуру.

- Э.Шеварднадзе кеткенден кийин анын уландысы – “сокур ичегиси” кесилбей калган эле. М.Саакашвили ошол “сокур ичегини” кесиши керек эле. Мына, М.Саакашвили аны кести. Эми организм толугу менен калыбына келип, ириңдебей, сакайып кетишине мүмкүнчүлүк түзүлдү, - дейт Турсунбек Акунов.

XS
SM
MD
LG