Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Бүгүн Карачи шаарында бокс боюнча эларалык мелдеш башталды


БИШКЕК. Пакистанда башталган мелдеште биринчи жана экинчи орундарды ээлегендерге Афина олимпиадасына жолдомо берилет. Ошондуктан бул акыркы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо үчүн кыргызстандык 8 жигит таймашууга катышууда. Алар жеңил салмактарда Гияз Салиев, Тимур Шайлозев жана Асылбек Таласбаев, орто салмактарда болсо Тилеберди уулу Абыл, Жахонгир Абдуллаев жана Давран Хабиров, 75 кг. салмакта Кымбатбек Рыскулов, ал эми 81 кг. салмакта болсо Руслан Мырзатаев өлкөнүн намысын коргоп жатышат. Мындан мурдакы 2 турнирде кыргызстандык Айбек Абдымомунов гана Афинага жолдомо жеңип алган. Мелдештин жеңүүчүлөрү 15- майда аныкталат.

XS
SM
MD
LG