БИШКЕК. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Улуу Атамекендик согуштун 60 жылдыгына карата марафон өттү. Ага президенттин администрациясынын, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, министрликтердин жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышып, акча тапшырышты. Марафондон түшкөн каражат согуштун 60-жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чараларга жумшалат.
Улуу Атамекендик согушка Кыргызстандан 363 миң адам катышып, 130 миңден ашууну курман болгон. Азыр согуштун 31724 ардагери арабызда.
Улуу Атамекендик согушка Кыргызстандан 363 миң адам катышып, 130 миңден ашууну курман болгон. Азыр согуштун 31724 ардагери арабызда.