Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивенг Янг Нарын облусунда болду


НАРЫН. 11-май күнү губернатор Аскар Салымбеков Нарын облусунда иш сапар менен жүргөн элчи Стивен Янгды кабыл алды. Жолугушуунун биринчи өңүтүндө элчи үстүбүздөгү жылдын март айында, Арпа өрөөнүндө болгон чет өлкөлүк мергенчилик, аңчылык маалында тик учактан кырсыкка учураган жердештеринин өмүрүн сактоого көрсөткөн камкордуктары үчүн теңир тоолук адис кызматкерге ыраазычылык жолдоду. Өз кезегинде губернатор Аскар Салымбеков да АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин адистеринин адам өмүрлөрүн сактоодогу эрдиктерин белгиледи. Ал эми сүйлөшүүлөрдүн экинчи жана негизги бөлүгү жабык эшик артында улантылды. Губернатордун маалымат катчысы Айсалкын Карасартованын билдиргенине караганда элчи Нарын мамлекеттик университетинде, жарандык коом башкармалыгында, облустук бириктирилген ооруканада жана демократияны колдоо боюнча маалымат борборлорунда болду.

XS
SM
MD
LG